ЖУНУШАЛИЕВА
(ЖУНУШАЛИЕВА Тамара Шаршенкуловна барагынан багытталды)
ЖУНУШАЛИЕВА Тамара Шаршенкуловна (27.02. 1948-жылы туулган, Чүй облусу, Жайыл району, Кара-Балта шаары) – химия илимдеринин доктору (2002), профессор (2003). Инженердик академиянын академиги (2004). Билим берүүнүн отличниги (2009). ФПИни (1971), ошол институтта аспирантураны (1978) бүтүрүп, ошол эле жерде лаборант, окутуучу, доцент, кафедра башчысы болуп иштеген. 2000-жылдан КТУда декан. Химиялык термодинамика, тамак-аш химиясы, экология боюнча адис. 120дан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 3 монографиясы, 1 окуу китеби, 4 окуу куралы бар.
Эмг.: Физикалык химиянын кыскача курсу. Б., 1996; Термохимия кристаллических аддуктов пентахлорида сурьмы с органическими донорами. Б. 1989; Свойства сурьмы и её соединений. Б., 2001.