ЖУНУШАЛИЕВ Владимир

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУНУШАЛИЕВ Владимир Жумакадырович (5. 11. 1953-жылы туулган, Жалал-Абад шаары) – физика-мате­матика илимдеринин доктору (2003), профессор (2000). КМУнун физика факультетин (1975) бүтүргөн. 1975–2000-жылдары КМУда окутуучу, улук окутуучу, доцент, 2001- жылдан КРСУда эмгектенет. Теориялык физика боюнча адис. 110дон ашык илимий эмгектери, aнын ичинде 4 окуу ки­теби жарык көргөн. Илимий изилдөөлөрү негизи­нен көп өлчөмдүү гравитация, квант теориясы ж-а жогорку температуралуу өтө өткөргүчтөргө ар­налган.

Эмг.: Nondifferentiable dynamic: Two examples. Gen. Rel. Grav. 33, 95 (2001); V. Folomeev and M. Mina- mitsuji. «Thick de Sitter brane solutions in higher dimensions»., Phys. Rev. D 79, 024001 (2009).