ЖУНУШАЛИЕВ Жеңиш

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУНУШАЛИЕВ Жеңиш (24. 12. 1935-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Түп району, Корумду айылы) – тарых илимдеринин доктору (1993), профессор (1999). КР УИАнын корреспондент-мүчөсү (2002). КРдин илим ж-а техника жаатында мамлекеттик сыйлыгынын 2 жолку лауреа­ты (1986, 2002).

КРдин маданиятка ж-а илимге эмгек сиңирген ишмери (1982, 2002). Каракол муга­лимдер институтун (1954), КМУну (1960) бүтүргөн. 1960–86-жылдарда Ысык-Көл аймагындагы орто мек­тептерде мугалим, директор, партиялык кызматкер, 1986–92-жылдарда Кыргызстан КП БКга караштуу партия тарыхы институтунун директору, 1992– 97-жылдарда КРдин элге билим бе­рүү министрлигинин окуу-­методикалык кабинетинин директору, КР УИАнын коомдук илимдер боюнча оку­муштуу секретары, 1997- жылдан тарых институтунун директору. Кыргызстандын тарыхын изилдөөгө ар­налган 140тан ашуун илимий эмгектин автору.

Эмг.: Созидания и трагедии 20-х и 30-х годов. Б., 2002; Горная царица Курманжан датка. Б., 2002.