ЖУНУШЕВ Керим
ЖУНУШЕВ Керим (12. 10. 1925-жылы туулган‚ Ысык-Көл облусу‚ Ак-Суу району‚ Кереге-Таш айылы) – экономика илимдеринин доктору (1971). Экономика теориясы боюнча адис. Кыргызстан КП БКга караштуу республикалык партиялык мектепти (1965), КПСС БКга караштуу Жогорку партиялык мектепти (1959) бүткөн. Кыргызстан КП БКнын Жалал-Абад‚ Ысык-Көл‚ Жети-Өгүз райондук комитеттеринде инструктор (1951–58)‚ Кыргыз CCР ИА ЭИде илимий кызматкер (1959–67), ФПИде доцент (1967–72)‚ КМУда профессор (1973)‚ 1995-жылдан илимий кеңешчи болуп иштеген. 70тен ашуун илимий эмгеги‚ анын ичинде 10 монографиясы жарык көргөн. Улуу Ата Мекендик согушка катышып, ордендер ж-а медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Развитие товарно-денежных отношений в дореволюционной Киргизии. Ф.‚ 1965; Сущность и пути использования закона стоимости. Ф., 1974; Действенность факторов перестройки. Ф., 1990.