ЖУНУШОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУНУШОВ Касымбек (1936-ж. т., Нарын обл.
Кочкор р-ну, Чолпон кыш.) – малчы, Соц. Эмг. Баатыры (1970). Кыргыз ССР мамл. сыйл. лау­реаты (1976). Нарын обл-нун Кочкор р-нундагы

«Чолпон» совхозунун баш чабаны болуп иштеп, 1971– 72-жылдары 500 соолуктун ар жүзүнөн 157–159дан козу, ар биринен 3,7–4,9 кгдан жүн кыркып алган. 1975– 80-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Эки Ленин ордени м-н сый­ланган.