ЖУНУШОВ Асанкадыр
ЖУНУШОВ Асанкадыр Темирбекович (1. 3. 1949-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Тоң району , Бөкөнбаев айылы) – ветеринария илимдеринин доктору (1991), професссор (1998), КР УИАнын корреспондент-мүчөсү (2010),

КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (2002). Россия айыл чарба ИАнын (2007) ж-а бир нече коомдук ИАнын академиги. К. И. Скрябин атындагы КАЧИни (1972), Кыргызстан мал чарба ж-а ветеринария ИИИнин аспирантурасын бүтүргөн (1975). 1972–74-жылдарда Кыргызстан мал чарба ж-а ветеринария ИИИнин майда жандыктарды багуу (виварий) бөлүмүнө башчы, 1975–78-жылдарда улук илимий кызматкер, 1978– 87-жылдарда мамлекеттик кызматта иштеген. 1987–93-жылдарда – КРдин мамлекеттик башкы ветеринар инспектору, Кыргыз агро-өнөр жай комитетинин ветеринария департаментинин генералдык директору. 1993–2000-жылдарда К. И. Скрябин атындагы КАУда профессор, 2000-жылдан КР УИАнын биотехнология институтунун директору. Биотехнология ж-а мал патологиясы боюнча адис. Эмгектери мал өстүрүү ж-а өтө жугуштуу ылаңдардан арылтуу маселелерине арналган. 200дөн ашык илимий эмгектин автору.
Эмг.: Пути повышения продуктивности скота на молочно-товарных фермах и комплексах Киргизской ССР (в соавторстве). Ф., 1980; Ветеринарная экономика и менеджмент. Б., 2001.