ЖУП ЖАЛБЫРАКТУУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУП ЖАЛБЫРАКТУУЛАР (Zygophyllaceae) – өсүмдүктөрдүн эки үлүштүүлөр классынын ту­куму. Бир же көп жылдык чөп, бадал же чала бадал, айрым түрү дарак. Татаал канат сымал кесилген же бүтүн жалбырактары тушташ же кезектешип жайгашат. Кээде тикенге айланган жан жалбыракчалары болот. Гүлү жалкы же чачыдай, чатырдай топ гүлгө чогулган; кош жы­ныстуу, актиноморфтуу, кээде бир жыныстуу. Гинецейи 5–4 же 3–2 мөмө жалбыракчалардан түзүлгөн. Мөмөсү – кутуча, данекче же ширелүү жемиш. Алардын 23 уруусу 240тай түрү бел­гилүү. Кырг-нда 11 түрү кездешет. Негизинен тропик, субтропик ж-а мелүүн алкактардын кургак р-ндорунда, Сахара, Батыш, Борб. ж-а О. Азия чөлдөрүндө, Араб ж. а-нда, Австралия­да ж-а Түш. Сибирдин кумдуу, таштуу, ылай­луу, шордуу жерлеринде өсөт. Кээде деңиз деңг. 4000 м бийиктикке чейин кездешет. Көп түрүндө алкалоиддер, сапониндер, өңдөгүч заттар (ады­рашман, мык тикен) табылса, айрымдары чөл­дө кум бекитүүдө, жейт. Аны кургатып, майдалап баштыкка са­лып, алыс жолго чыкканда, жол азык катары ала жүргөн. Ж-ны О. Азия элдери, казактар да жасайт. Айрым жерлерде ч а б а т ы деп да аталат.