ЖУП НИКЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУП НИКЕ – жеке никенин алгачкы коомдук түзүлүштө пайда болгон түрү. Полигамиядан айырмаланып, үйлөнгөн жубайлар бирге жаша­багандыктан, үй-бүлө коомдун өз алдынча экономикалык уютку боло алган эмес. Нике туруксуз болгон. Үйлөнгөндөр өз уруусу менен чогуу жашап, кез-­кезде гана бирине-бири каттап турган. Алгач­кы коомдук түзүлүштүн бузулушу, жеке менчик­тин пайда болушу жуп никеден жеке никеге өтүүгө шарт түзгөн. Кийин үй-бүлө уруудан бөлүнүп чы­гып, ал коомдун экономикалык уюткусуна айланган жана үй-бүлөдө атанын бийлиги орногон.