ЖУРНАЛИСТИКА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖУРНАЛИ́СТИКА (фр. journal, нем. journa- listik) – маанилүү жаңылыктарды басма сөз, телерадио, маалымат агентчилиги, басма сөз борбору, кино, интернет ж. б. массалык байланыш каражаттары аркылуу өз убагында элге жеткирүүчү адабий-публицистикалык ишмердүүлүк; массалык пропаганда ж-а агитация жүргүзүүнүн бир формасы. Ж-да коомдун социалдык-саясий, экон., маданий жактан өнүгүшү, андагы негизги багыттар ж-а көрүнүштөр ж-дө түшүнүк берилет, элдин коомдук ой-пикирин, көз караштарын калыптандырууга көмөктөшөт, к. Кыргыз журналистикасы.