ЖУСАЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУСАЕВ Жолдош (23. 7. 1934, Ысык-Көл облусу, Түп району, Тепке айылы – 16. 11. 2001, Кара­кол шаары) – тилчи, кыргыз ж-а англис филология­сы, салыштырма тил илими боюнча адис, филоло­гия илимдеринин доктору (2001), профессор (1993). Прже­вальск педагогикалык окуу жайын (1953), КМУнун фило­логия факультетин бүтүргөн (1959). ОМПИде окутуу-

чу, кафедра башчысы, КМУнун ага окутуучусу, декан (1967–82), Кыргызстан КП БКнын чет өлкөлөр м-н бай­ланыш секторунун башчы­сы (1982–87), В. Маяковс­кий атындагы ККПИнин окуу иштери боюнча проректору (1987–88), КМУнун Прже­вальскидеги филиалынын директору (1988–91), К. Ты­ныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору (1991–98), ошол эле окуу жайдын чет тилдер институтунун директору (2000–01). 60тан ашуун илимий эмгеги бар. Медалдар м-н сыйланган.Эмг.: Языковая категория модальности и модальные значения, выраженные изьявительным наклонением в современном кыргызском языке. Б., 1992; Грам­матические средства выражения категории модаль­ности в современном кыргызском языке. Б., 2000.