ЖУСУБАЛИЕВ
ЖУСУБАЛИЕВ Кубатбек (30. 10. 1941-ж. т., Ош обл., Алай р-ну, Кердегей айылы) – жазуучу. 1963-ж. КМУнун филология ф-тинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн, 1965– 67-ж. Москвадагы Жогорку сценарийчилер курсунун угуучусу болгон. Чыг-лык жолу 1963- жылдан башталган. Ж. – кыргыз ад-тындагы постмодернизм багытындагы чыгармаларды жараткан бирден бир жазуучу. Анын алгачкы «Тоолорго жаз кеч келет», «Жол боюндагы теректер» аттуу аңгемелери ж-а «Күн автопортретин тартып бүтө элек» (1963) повести реализм методунун негизинде жазылгандыгы байкалат. 1981-ж. жазуучунун 2-китеби, «Толубай сынчы» аңгемелер жыйнагы жарык көргөн. 1987-ж. «Ала-Тоо» журналына «Амбарная книга» повести «Күздүн акыркы күнү» деген ат м-н жарык көргөн. 1991-ж. «Муздак дубалдар» аттуу китеби чыккан. Ж-дин чыг-лыгы м-н кыргыз ад-тында жаңы багыт, жаңы нук пайда болгон.