ЖУСУБАЛИЕВ Балтабай

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУСУБАЛИЕВ Балтабай [1875, Нарын облусу, Ак-Талаа району , Дөрбөлжүн (азыркы Баетов) кыштагы – 1965, ошол эле жер] – жылкычы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). 1939–60-жылдары Нарын облусунун Ак-Талаа районунда­гы Жданов атындагы колхоздо жылкычы болуп иштеген. 1947-жылы 182 жылкыны (анын ичинде 52 бээден 52 кулун алган) аман асырап, жылкы чар­басын өнүктүрүүдө чоң са­лым кошкон. Ленин ордени м-н сыйланган.