ЖУСУБАЛИЕВ Кубатбек
ЖУСУБАЛИЕВ Кубатбек (30. 10. 1941-жылы туулган, Ош облусу, Алай району, Кердегей айылы) – жазуучу. 1963-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн, 1965– 67-жылдарда Москвадагы жогорку сценарийчилер курсунун угуучусу болгон. Чыгармачылык жолу 1963- жылдан башталган. Жусубалиев – кыргыз адабиятындагы постмодернизм багытындагы чыгармаларды жараткан бирден бир жазуучу. Анын алгачкы «Тоолорго жаз кеч келет», «Жол боюндагы теректер» аттуу аңгемелери ж-а «Күн автопортретин тартып бүтө элек» (1963) повести реализм методунун негизинде жазылгандыгы байкалат. 1981-жылы жазуучунун 2-китеби, «Толубай сынчы» аңгемелер жыйнагы жарык көргөн. 1987-жылы "Ала-Тоо» журналына «Амбарная книга» повести «Күздүн акыркы күнү» деген ат м-н жарык көргөн. 1991-жылы «Муздак дубалдар» аттуу китеби чыккан. Жусубалиевдин чыгармачылыгы м-н кыргыз адабиятында жаңы багыт, жаңы нук пайда болгон.