ЖУСУЕВ
ЖУСУЕВ Сооронбай (15. 5. 1925-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Кулжа району, Кызыл-Жар айылы – 4. 2. 2016. Бишкек) – акын, Кыргыз эл акыны (1981), Кыргыз Эл Баатыры (2007), КРдин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1998). Ош мамлекеттик мугалимдер институтун (1949), Москвадагы Горький атындагы адабият институтун (1956) бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан (1942–45). Совет райондук «Коммунизм үчүн» гезитинде жооптуу секретарь (1947–49), Ош облустук «Ленин жолу» гезитинин редакциясында бөлүм башчы болуп иштеген (1949–51). Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтунда окуган (1951–1956). «Ала-Тоо» журналынын башкы редактору (1957–59), «Чалкан» журналында жооптуу секретарь (1960–86), Кыргызстан жазуучулар союзунда адабий кеңешчи болуп иштеген. Адабий ишмердигин 1943-жылы согушта жүргөндө эле ыр жазуу менен баштаган. Анын «Алдыга жүргүн, кыргыздар!», «Биз жеңишчил», «Жаркынга» деген ырлары «Советтик

Кыргызстан» (азыркы «Кыргыз Туусу») гезитинин 1943–44-жылдардагы сандарына жарыяланган. 1950-жылы анын «Эмгек күүсү» биринчи ыр жыйнагы, кийин «Чындык менен ыр» (1952), «Өмүр жазы» (1955), «Сүйүү менен ишенич» (1956) деген жыйнактары чыккан. «Жылдыздуу тоолор» (1963), «Акын жүрөгү» (1965), «Көңүл күүлөрү» (1967), «Түрмөк булуттар» (1969), «Дабан» (1971), «Алтын чынар» (1973), «Тандалмалар» (1975) ыр ж-а поэма жыйнактары, «Кызыл күн» (1968) прозалык чыгармалары бар. Акындын ыр китептери орус, казак, өзбек, украин, азербайжан, тажик тилдеринде басылган. Анын калеминен жаралган «Үмүт», «Тирүүлөргө», «Чагылган», «Кызыл дептер», «Ак Мактым», «Ак Саткын», «Раззаков баяны» аттуу дастандары, ыр м-н жазылган «Курманжан датка» аттуу романы – акындын чыгармачылык чоң жемиши. Жусуевдин ырларына образдуулук, мазмундуулук, эмоциялуулук мүнөздүү. Анын 70тен ашык ырына композиторлор ж-а обончулар музыка жазышкан. 2003-жылы жаралган «Канат менен Зарина» дастаны орус, тажик, өзбек, кытай ж. б. тилдерде жарык көрдү. Шекспир, Пушкин, Лермонтов, Шевченко, Абай, Мактымкули, Исаакян, Омар Хайям, Маяковский, Есенин, Гамзатов, Кулиев ж. б. акындардын ырларын чебер которгон. 2002– 05-жылдарда Жусуевдин «Орус ырлары», «Казак ырлары» поэзия антологиясы, «Сөз кудурети» (2007) аттуу китеби жарык көрдү.
Кыргыз адабиятын өнүктүрүүдө сиңирген зор эмгеги үчүн 1981-жылы С.Жусуевге «Кыргызстандын Эл акыны» деген ардактуу наам берилип, 1986-жылы персоналдык пенсия дайындалган. 1990-жылы Москвадагы Воениздаттан чыккан «Моя жизнь» деген ыр китеби үчүн Бүткүл союздук А.Фадеев атындагы сыйлыктын лауреаты болуп, алтын медаль алган. 1998-жылы «Кыргызстандын Эл агартуусунун отличниги», ошол эле жылы «Казакстандын эмгек сиңирген кайраткери» деген наамга татыктуу болгон. 1994-жылы басмадан чыккан «Курманжан датка» аттуу ыр менен жазылган романы үчүн 1998-жылы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык ыйгарылган. Кан майдандагы жана көп жылдык чыгармачылык жемиштүү эмгектери үчүн С. Жусуев биринчи даражадагы Ата–Мекендик согуш ордени, үчүнчү даражадагы «Манас» ордени, «Каармандыгы үчүн», «Даңк» медалдары, Кыргыз, Украина, Саха-Якут Республикаларынын Жогорку Кеңештеринин Ардак грамоталары менен сыйланган.
Бишкек жана Ош шаарларынын ардактуу жараны, Ош мамлекеттик жана кыргыз-өзбек университеттеринин ардактуу профессору.
Кара-Кулжа районундагы Сай-Талаа кыштагындагы орто мектепке, Кара-Суу районундагы Жар-Ооз кыштагындагы орто мектепке С. Жусуевдин аты коюлган. 2005-жылы интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюму (ВОИС) чыгармачылык ийгиликтери үчүн Алтын медаль менен сыйлаган.
Президенттин 2007-жылдын 13-февралындагы Жарлыгы менен улуттук маданият казынасына, кыргыз элинин руханий байлыктарын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн акын С. Жусуевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы «Ак шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен берилген.
Ж. Медералиева.