ЖУСУПОВ Эшенкул

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУСУПОВ Эшенкул (1915-жылы туулган, азыркы Жа-

лал-Абад облусу, Ноокен району, Кыла кыштагы) – кол­хоз өндүрүшүнүн ишмери, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957), Ош облусунун Ленин районундагы Калинин атындагы колхоздун башкармасы (1937–66). Ал жетектеген колхоз пахта өстүрүүдө чоң ийгиликтерге жетишип, 1955–56-жылдарда пахтанын ар гектарынан 30,3–33,3 цден түшүм алган. 1955–59-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку Кеңе­шинин депутаты. Ленин, Эмгек Кызыл Туу орденде­ри м-н сыйланган.