ЖУСУПОВ Кеңеш
ЖУСУПОВ Кеңеш (14. 4. 1937-жылы туулган, Нарын облусу, азыркы Нарын району, Эчки-Башы айылы) – жазуучу, публицист, журна

лист, Кыргыз эл жазуучусу (1999), КРдин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2004), КМПУнун профессору (2002). КМУнун филология факультетин бүткөн (1961). 1961–64-жылы «Тянь-Шань правдасы» гезитинде адабий кызматкер, 1964-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советине караштуу басма сөздө мамлекеттик сырларды сактоо башкармалыгында кызматкер, 1966– 68-жылдарда «Кыргызстан» басмасында, 1968–73-жылдарда «Кыргызфильм» киностудиясында редактор, 1973–77-жылдарда Кыргызстан жазуучулар союзунда адабий кеңешчи, 1978–82-жылдарда «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер, 1987-жылдан башкы редактор, Кыргызстан жазуучулар союзунун секретары болуп иштеген. Чыгармалары 1958- жылдан жарыялана баштаган. «Жашоо кумары» (1965), «Каралдым тоолор» (1967), «Микеланжело мекенинде» (1971), «Жүрөгүм менин тоолордо» (1972), «Ыр сабындагы өмүр» (1974), «Лесорубы» (М., 1975), «Ата журт» (1977), «Күлгүн курак» (1979), «Сабыр и дедушка» (М., 1980), «Кан жолдогу ойлор» (1982), «Тоолуктар баяны» (1984), «Тулпар» (1988), «Сапар китеп» (1991), «Байыркынын издери» (2002), «Кыргыздардын байыркы маданияты» (2006) деген көркөм жана публицистикалык китептердин автору. А. Табалдиевдин өмүрүнө арналган «Бир өмүрдүн сабагы» аттуу тарыхый-биографиялык эссе, акын-жазуучулардын чыгармачылыгына арналган адабий-сын багытындагы эсселерди жаратты. Балдар үчүн «Манас» эпосун кара сөз түрүндө жазган. Айрым чыгармалары түрк, орус, украин, өзбек, татар, казак, чех, француз, араб ж. б. тилдерге которулган. «Кыргыз поэзиясынын антологиясы» (1-том, 1999), «Кыргыздар» 5 томдук (1991–2002) ж-а «Кыргыздар» 10 томдук (2004) китептердин түзүүчүсү. Ленин комсомолу сыйлыгынын (1975) лауреаты. Медалдар менен сыйланган.