ЖУСУП МАМАЙ
ЖУСУП МАМАЙ (1918-жылы туулган, КЭР, Кызыл-Суу Кыргыз автономия облусу, Ак-Чий ооданы, Кара-Булак айылы, Ат-Жайлоо конушу) – кызылсуулук манасчы. Агасы Балбай сегиз жашынан Жусуп Мамайга «Манас» эпосу баштаган, «Кербала», «Залзал-Заркум», «Шаймаран», «Кыз-Жибек» дастандарын жана өзү бир нече жыл чогулткан элдик чыгармалардын кол жазмасы менен тааныштырып, окута баштаган, «Манас» айтуунун ыкмаларын да үйрөткөн. 1932-жылы элдин өтүнүчү боюнча биринчи жолу «Манас» айтып берген. Эки жылдан

кийин 18 жаш курагында, Жумакун Мамбетакун манасчы айтып жаткан «Алмамбеттин арманын» угуп, анын токтогон жеринен Жусуп Мамай «Алмамбеттин Көкчөгө баргандагысын» кошуп айтып бүтүрөт. Ошондон кийин Жусуп Мамай манасчы деген атка конот. 1961-жылы Шинжаң Уйгур автономия районунун борборунда көркөм өнөрчүлөр бирикмеси уюштурулуп, Жусуп Мамай айткан вариантты жаздыруу үчүн атайын топ түзүлүп, жарым жыл аралыгында 110 000 ыр сап кагазга түшүрүлгөн. 1964–66-жылдарда экинчи ирет илимий экспедиция жиберилет. Бул жолу манасчыдан 196 000 ыр сап кагазга түшүрүлөт. 1966-жылы Кытайда «Маданий революция» саясаты башталгандыктан, 1966–78-жылдарда манасчы саясий куугунтукка туш болот. Ал үй-жайынан ажыратылып, Ак-Булуң деген айылга көчүрүлөт. Бул каардуу жылдары 1937-жылы атылып кеткен агасы Балбай айтып берген Манастын урпактары тууралуу баянды Жусуп Мамай өз алдынча кагазга түшүрө баштайт. 1978-жылы Пекинге чакырылып, манасчынын вариантын кагазга түшүрүү иши колго алынат. 1964-жылы жазылып алынган материалдардын ичинен Жусуп Мамайдын «Семетей» бөлүгүнүн кол жазмасы калып, калганы дайынсыз табылбай калган. Сакен Өмүр, Асанбай Матим, Мамбетасан Эрги, Оргалча Кыдырбай, Толкун Турду, Токтобүбү Ызак тарабынан Манастын 8 урпагы кагазга түшүрүлгөн (Манас – 50 миң ыр сап, Семетей – 37 миң ыр сап, Сейтек – 25 миң ыр сап, Кененим – 34 миң ыр сап, Сейит – 11 миң ыр сап, Асылбача-Бекбача – 30 миң ыр сап, Сомбилек – 11 миң ыр сап, Чигитей – 12 миң ыр сап). 1983-жылы кагазга түшүрүү иши аягына чыгат. Жусуп Мамайдын 18 томдон жана 200 миң ашуун ыр саптан турган варианты толугу менен кагаз бетине түшүрүлөт. 1984-жылы «Манас» бөлүгү китеп болуп араб арибинде жарык көрөт. Мындан сырткары Жусуп Мамайдын варианты боюнча «Курманбек», «Эр Төштүк», «Багыш», «Толтой», «Тутан», «Жаңыл Мырза», «Мамаке Шопок», «Көбөк» сыяктуу дастандар жарыкка чыгат. 2005-жылы Жусуп Мамайдын айтуусундагы «Манас» эпосунун толук варианты кыргыз арибинде Кытайдан чыккан. Анын манасчы катары калыптанышына учурунда бир тууган агасы Балбай жазып алган Чоюке, Тыныбек, Сагымбай, Шапак, Дыйканбай манасчылардын варианттары да чоң таасир берген. Кыргызстанда Жусуп Мамайдын чыгармачылыгын ж-а ал айткан «Манас» эпосун С. Алиев, Т. Кулматов, К. Жусупов, К. Жумалиев, М. Жумалиев, К. Кырбашев, К. Артыкбаев, Р. Кыдырбаева, Ж. Орозобекова, Кытайда: Толкун Турду, Адыл Жуматурду, Мамбеттурду Мамбетакун, Токтобүбү Ызак, Жусупакун апай жана башкалар изилдеген. Жусуп Мамай 1990-жылы Үрүмчү шаарында өткөрүлгөн «Манас» эпосу боюнча Эл аралык илимий конференцияга катышкан. Кыргызстанга биринчи ирет 1992-жылы С. Орозбаковдун 125 жылдык мааракесине, кийин 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдык салтанатына конок катары чакырылып, «Манас» эпосун жайылтууда сиңирген эмгеги үчүн КРдин эл артисти деген ардактуу наам берилген. КЭРде Жусуп Мамайдын өмүр таржымалына жана чыгармачылыгына арналган «Залкар манасчы Жусуп Мамай» (авторлору: Токтобүбү Исак кызы жана Адыл Жума Турду уулу) деген китеп 2007-жылы Пекиндеги Улуттар басмасынан жарык көрдү. Бул китеп араб ариби менн эмес, жайы кытайлык кыргыздар үчүн кыргыз арибинде басылган. 2007-жылы I даражадагы Манас ордени менен сыйланган.
Ад.: «Манас» эпосу жөнүндө. Б., 1994; Алиев С., Кулматов Т. Жусуп Мамай // Манасчылар жана изилдөөчүлөр. Б., 1995; Кыргыздар. 4-китеп. / Түз.: К. Жусупов. Б., Кыргыз руху – «Манас». Б., 1995; 1997; Кырбашев К. Манасчы Жусуп Мамай. Б., 1997.
Т. Бакчиев.