ЖУТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУТ (Corchorus) – жөкө дарактар тукумунда­гы өсүмдүк уруусу. Анын 40ка жакын түрү бар. Азия, Африка, Америка, Австралиянын тропик аймактарында өсөт. Була алуу үчүн тоголок ж-а сүйрү мөмөлүү эки түрү өстүрүлөт. Өсүмдүк­түн бийикт. 3,5 мге чейин. Кезектешип жайгаш­кан сүйрү жалбырагынын тегереги тиш сымал. Гүлү майда, сары, эки жыныстуу. Мөмөсү – чанак. Уругу майда, түсү күрөң, боз же жашыл. Жарык, жылуу ж-а нымдуу жерде жакшы өсөт. Ж-тун буласы тех., таңгактоочу ж. б. кездеме­лерди, килем жасоодо кеңири колдонулат. Кур-


Узун мөмөлүү жут.

гак сабагынан 20–25% була чыгат. Мекени – Ин­дия. Ж-тун жалбырагы тамак-ашка пайдаланы­лат. Орт. түшүмдүүлүгү гектарынан 15,7 ц. Ж-ту дүйнө б-ча Индия, Пакис­тан ж-а Бангладеш арбын өстүрөт. КМШ өлкөлөрүнөн О. Азияда бир аз аянтта сүйрү мөмөлүү Ж-тун сорт­тору өстүрүлөт. Ар бир га­дан орт. 95–100 ц кургак сабак алынат. Буласын алуу үчүн өсүмдүктөрдүн 50%инде биринчи кутуча пайда болгондо жыйна­лат. Бооланган сабактар кургатылып, иштетүү үчүн була з-дуна жөнөтүлөт.