ЖУУКУЧАК МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУУКУЧАК МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Ысык- Көл обл-нун Жети-Өгүз р-нундагы дарылык ка­сиети бар минералдуу суу булактары. Каракол ш-нан 47 км түш.-батыш, Саруу айылынан 10– 15 км түш. тарапта, Тескей Ала-Тоонун түн. кап­талындагы Жууку суусунун оң куймасы Жуу­кучактын боюнда, деңиз деңг. 2030 м бийикте. Жерг. элге илгертен белгилүү. 1950–62-ж. геол. изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Суу палеозойдо жиреп чыккан гранит интрузиясындагы тектон. жа­ракадан булак түрүндө чыгат. Бургулоодон да (260 м тереңдиктен) жылуу суу чыгарылган. Бу­лактын дебити 0,4 л/сек (бургулоо көзөнөгүнүкү 2,35 л/сек). Хим. курамы, физ. касиети б-ча ра­дондуу, хлорид-сульфат-кальций-натрийлүү ара­шан сууларына кирет. Суунун темп-расы 31– 34°С. Жалпы минералданышы 0,3 г/л. Курамын­да йод, бром, СО2, темир, фтор бар. Газдын кура­мы б-ча суу азоттуу. Биол. активдүү компонен­ти – радон (36,7 эман), күкүрттүү суутек (1,5–2,5 мг/л), кремний к-тасы (44 мг/л). Минералдуу суу муун, жарат, нерв ооруларына шыбаа.