ЖУУКУ АШУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУУКУ АШУУСУ Тескей Ала-Тоодо. Жууку суусунун башында. Ысык-Көл өрөөнүн Ички Теңир-Тоо (Ара-Бел өрөөнү) м-н байланышты­рат. Деңиз деңг. бийикт. 3633 м. Чоң-Ашуудан 200 м төмөн, Барскон ашуусунан 120 м көтөрүңкү жатат. Аймагындагы чокулардан 700–900 м төмөн турат. Түндүккө ж-а түштүккө карай кур­жун тибинде артылган байыркы мөңгүлөрдүн аракетинен пайда болгон. Мойногу жапыз, түзөң, морена тектери ж-а шагыл м-н төшөлгөн. Капталдары урчук таштуу, түн. бети өтүүгө та­таал, түш. (Ара-Бел) тарабы дээрлик түз. Ка­ледондун гранит тектеринен турат. Мөңгүнүн тар­тылышынан ашуунун түн. тарабындагы тепши

сымал өрөөндүн таманында 3395 м бийиктикте Жашыл-Көл (уз. 800 м, туурасы 300 м), түш­түгүндө Чоконун көлү (уз. 3 км, туурасы 200– 500 м) пайда болгон. Июнь–октябрда ачык. Ашуу аркылуу илгери кербен жол өткөн, азыр мал ашырылат.