ЖУУКУ ТООСУ
ЖУУКУ ТООСУ – Тескей Ала-Тоонун түн. тармагы. Жууку ж-а Барскон сууларынын аралыгында 35–38 кмге созулуп жатат. Туурасы 15– 17 км. Орт. бийикт. 3900–4300 м, эң бийик жери 4671 м. Кыры аска-зоокалуу ж-а мөңгүлүү, түн. капталы Ысык-Көл өрөөнүн көздөй тигирээк түшөт; Чоң ж-а Кичи Жаргылчак, Ак-Терек, Чычкан сууларынын өрөөндөрүндө терең капчыгайлар бар. Түш.-чыгыш капталы Жууку капчыгайына тик түшөт. Тоо негизинен соңку рифейдин гранит-диорит, порфирит ж-а гнейстүү диорит интрузия тектеринен түзүлгөн. Тоонун түн. капталына шалбаалуу талаа (2300–2400 м бийиктикке чейин), шалбаалуу токой (карагай; 2400–2800 м), субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаа (2900–3300 м), андан жогору бийик тоо тундрасы, талаа ж-а гляциалдык-нивалдык, түш. капталына негизинен шалбаалуу токой, субальп ж-а альп шалбаалуу талаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт; токой чарбасы бар.