ЖУУРАТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖУУРАТ – койдун ынак сүтүнөн уютулуп жасалган байыркы ак азыктардын бири. Аны эчкинин ж-а топоздун сүтүнөн уюткан учурлар да кезигет. Ж-ты уютуш үчүн бышырылган жылуу сүткө уютку (айран) кошуп, кылбат жерге жылуулап жаап коёт. Ж-тан жасалган сүзмөнү, курутту кышка сакташкан. Айрым жерде Ж-ты кууш челекке бышып, майын алып, бышмасын суусундукка ичишкен. Кээде ичилбей калган бышманы казанга кайнатып, сары суусун сарыктырып, курут жасашкан. Элдик медицинада Ж. эң кубаттуу азык катары бааланат. Эл арасында «Айран – алымдуу оокат, жуурат – жугумдуу оокат» деген макал ошондон улам айтылса керек.