ЖУУШАҢ
ЖУУШАҢ – жүн кыркуучу кайчы сымал курал. Курч темирден, узун, ичке, эки жаактуу жасалган. Анын жаагынын ички жак бети жүн кыркууга ылайыкталып, курч миздүү, жүндү аралап киргидей учтуу, сабы колго өтпөгүдөй кылып жумурулантылат. Сап жагынын бирөө ич жагын карай имерилип, экинчисинин көзөнөгүнө киргизилет. Кээ бир жуушаңдын жаактарынын сап жаккы четтеринин экөө тең көзөнөк болот да, ага эки элидей катуу жыгачтын эки учун киргизип коёт. Жуушаңды ачылган кайчылаш абалында сабынан оң колго кармап, жүнгө аралата сойлотуп, анан сол кол менен жуушаңдын уч жактарын ичин карай кысканда жүн кыркыла баштайт. Жуушаң менен жүн кырккан адам кыркмачы деп аталат. Кийин жүн кыркуу механикалаштырылып, технологиясы өркүндөтүлгөндүктөн, жуушаң сейрек колдонулуп калды.