ЖУЧУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУЧУ (1185–1227-жылдардын башы) – Чыңгызхандын тун уулу, аскер ишмери, моңгол ханы. Согуш ишине жаш кезинен машыккан. 1207–08-жылдарда Енисей кыргыздарын, Алтайды, Туваны, Дешт-и Кып­чактын чыгышын Моңгол империясына кош­кон. 1219-жылы моңголдордун Орто Азияга жасаган жүрүшүндө Бухара, Самарканд, Хорезм, Кожент, Отрар, Үргөнч ж. б. шаарларды алууга катышып, өзүнүн аскери м-н Сыр-Дарыянын төмөн жагын­да жайгашкан Чыганак, Беженд, Аснаш ж. б. шаарларды каратып алган. Калкадагы салгылашуу­дан кийин (1223) Чыңгызхан ага Дешт-и Кып­чакты, Хорезмден Урал тоолоруна чейинки жер­лерди энчиге берген. 1226–27-ж. Дешт-и Кып­чактын батышын толук багындырган. Моңгол­дорго каршы көтөрүлүштөрдү ырайымсыздык м-н басып турган. Кээ бир маалыматтар боюнча Чыңгызхандын жашыруун буйругу боюнча өлтү­рүлгөн.

Т. Жуманалиев.