ЖЫБЫТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЫБЫТ – тоолордун, адырлардын капталдарындагы майда ой-чуңкурлуу, кокту-колоттуу жерлер. Көбүнчө шиленди тектер м-н капталат. Морфол. түзүлүшү б-ча тарам-тарам майда колотчолор же аянты 0,1–0,3 га болгон майда дөбө ж-а тайпак аңдар. Үстү кыртыштуу. Бийик тоо кыртышындагы түбөлүк тоңдон же чакан жер көчкүлөрдөн пайда болушу мүмкүн. Көбүнчө неогендик чополордон түзүлгөн чоң коктулардын баш жагында, капталында ж-а адырларда пайда болот.