ЖЫГАЧ-КОРГОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫГАЧ-КОРГОН , С ы м к а т, Ф р у н­з е – Жалал-Абад облусу­нун Сузак районундагы кыштак. Ленин атындагы айыл округуна караштуу. Көгарт суусунун оң жээгин­де, деңиз деңгээлинен 980 м бийикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Сузак кыштагынан 42 км түндүктө. Багыш темир жол бекетинен 27 км. Кыштак 1915– 20-жылдарда негизделген. Калкы 3166 (2022); негизи­нен жүзүмчүлүктө, дыйкан чарбасында ж-а баг­банчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП бар.