ЖЫГАЧ ИШТЕТҮҮЧҮ СТАНОК
ЖЫГАЧ ИШТЕТҮҮЧҮ СТАНО́К – жыгач материалдарын керектүү өлчөмгө ж-а түргө келтирип иштетүүчү жөнөкөй машина. Анда ар түрдүү жыгач материалдарынан (тактай, фанера, жыгач такта ж. б.) буюмдар м-н жасалгалардын (эмерек, вагон, кеме ж. б.) тетиктери, даяр буюмдар (эмерек, терезе, каалга, паркет, лыжа, кеңсе буюмдары ж. б.) даярдалат. Аткарган жумуштун түрүнө жараша – жыгачты кескич, ийгич, жыйноочу, желимдөөчү ж-а жасалгалоочу болуп бөлүнөт. Жыгач кескич станокто – жыгач араалоо, фрезалоо, жонуу, көзөө, оюу, сүрүү ж-а жылмалоо иштери аткарылат. Жыгач ийүүчү станок жыгач бөлүкчөлөрүнүн байланышын бузбай ийип, керектүү түргө келтирет. Жыйноочу станокто айрым даяр тетиктер – мык, сайлуу мык, тээк ж. б. м-н бекитилип, буюм жасалат. Жасалгалоочу станокто даярдалган буюмдардын бетине лак сүйкөлүп, ар түрдүү оюм-чийим түшүрүлөт (Сүрөтү 423-бетте).