ЖЫГАЧ ООЗ КОМУЗ
ЖЫГАЧ ООЗ КОМУЗ – кыргыздын эң байыркы тилдүү какма музыкалык аспабы. Ал сары жыгач‚ жылгын‚ шилби жана башкалардан сызгычтай жукартылып‚ ортосуна өзүнөн тил чыгарылып жасалат. Тилдин түп жагы ичке көзөлүп‚ жип тагылат. Жыгач ооз комуздун жаагын

эриндин арасына коомай коюп‚ тилине бекитилген жипти кагуу аркылуу үйлөп (же дем тартып) ойнолот. Узундугу 15–20 см‚ туурасы 2‚2–5 см‚ жукалыгы 1‚5 см‚ тилинин узундугу 10–15 см‚ жиби 25–30 см. Эл арасында 3–4 түрдө жасалышы белгилүү. Доошу жапыз. Көбүнчө обон-күүлөр аткарылат. Жыгач ооз комузчулар ансамбли Ала-Бука районунда (жетекчиси Ш. Жоробекова, 1969)‚ Ош педагогикалык институтунда (1975) уюшулган. «Камбаркан» этнографиялык фольклордук ансамблинде‚ «Ордо сахна»‚ «Азадабегим» фольклордук топторунда ойнолуп жүрөт‚ жеке да аткарылат.