ЖЫЙНАЛБАС КАТАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЫЙНАЛБАС КАТАР – айрым суммаларынын удаалаштыгы чектүү пределге ээ болбогон катар. Мис., 1 + 1 + 1 + 1 + 1 + ...,1 – 1 + 1 – 1 + 1 – ..., 1 – 2 + 3 – 4 + 5 – ..., 1 + х, + х2 + х3 + х4 + ... (|х > 1) катарлары жыйналбайт. Эгер катардын жалпы мүчөсү нөлгө умтулбаса, жалпы мүчөсү нөлгө умтулган гармониялык катар да Ж. к-га мисал болот: 1 + 1/2 + ... + 1/n + ... Ж. к. 17–18- к-да пайда болуп, Л. Эйлер биринчи жолу Ж. к-дын суммасын аныктаган. Ж. к. 19-к-дын аягынан баштап матем. анализдин өнүгүшү м-н изилдене баштаган.