ЖЫЛААЖЫН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЫЛААЖЫН – 1) жезден жасалып, алтын, күмүш жалатылган кичинекей, тоголок кооз коңгуроо. Жылаажынды кичинекей балдардын жакаларына, жаш кыздардын шуру, мончокторунун, келиндердин чач учтугунун ар кайсы жерине тагышкан. Кыз минүүчү атка катылган жүгөндүн сагагына же эки жаагына бириктиришкен. Кыз-келиндер кийүүчү бийик өкчөлүү өтүктүн такасын атайы көңдөйлөп, ага жылаажын орнотушкан. Аны кийип басканда, уккулуктуу үн чыккан. Жылаажын айрым жерде з ы ң г ы р о о ч деп да аталат; 2) кыргыздын эң байыркы музыкалык аспаптарынын бири.
