ЖЫЛАМЫШ КӨРҮСТӨНҮ
ЖЫЛАМЫШ КӨРҮСТӨНҮ – б. з. ч. 3-кылым – б. з. 5-кылымында усун урууларынан калган мүрзөлөр. Сокулук районундагы Жыламыш суусунун батыш тарабындагы тектирде жайгашкан. Жыламыш көрүстөнүндөгү бир нече мүрзө айыл чарба иштеринин жүрүшүндө талкаланган. Мүрзө дөбөлөрү таш ж-а топурак үйүндүсүнөн туруп, түндүктөн түштүктү карай тизмектешип жайгашкан. Мүрзөлөрдүн бийиктиги 0,10–1,15 см, диаметри 5–16 м. Маркумдардын сөөктөрү бурчтуу казылган аңдарга ж-а жарма көрлөргө чалкасынан жаткырылып, башы түндүк-батышка каратылып коюлган. Көрүстөнгө коюлган адамдардын антропологиялык түзүлүшүндө европеоид ж-а монголоид тибиндеги аралашмалардын белгилери бар. Көрүстөндөн карапа идиштер, кездеме калдыгы, темир канжар, бычак, сөөктөн жасалган жаа бастырмалары, алтын жалатылган курдун тогоосу ж-а маркумга багышталып союлган малдын сөөктөрү табылган. 1963-жылы археолог А. Абетеков ачкан ж-а изилдеген.