ЖЫЛАҢАЧ УРУКТУУЛАР
ЖЫЛАҢАЧ УРУКТУУЛАР (Pinophita же Gymnospermae) – уруктуу өсүмдүктөрдүн байыркы тобу (бөлүмү). Аларда урук бүчүрлөрү мөмө жалбырагынын бетинде ачык жайгашат. Буларда мөмөсүз урук эле болот. Дайыма жашыл, кээ бири жалбырагын күбүмө дарак, бадал, чанда лианалар (чекенденин айрым түрү, гнетум). Жалбырак формасы ар түрдүү: бүтүн түрпүлүүдөн, ийне жалбырактуу дихотомиялык канаттай, эки айчыктуу. Алар – жабык уруктуулар (гүлдүү) м-н папоротниктердин ортосундагы абалды ээлеген өсүмдүктөр. Уругу мегаспорофиллдердин үстүндө өөрчүп, кабыксыз болгондуктан, Ж. у. деп аталган. Папоротниктерден урук-бүчүрү м-н, жабык уруктуу өсүмдүктөрдөн мөмө-жалбыракчасынын жоктугу м-н айырмаланат. Байыркы ж-а жөнөкөй түзүлүштүү өкүлдөрүнүн тобурчактары жок, микроспорофиллдери ж-а мегаспорофиллдери узун өркүнүндө бош жайгашкан. Азыркы Ж. у-дын бардыгынын тобурчагы бар, алар бир жыныстуу, б. а. аталык тобурчагы микроспорофиллден, энелиги мегаспорофиллден турат. Жалбырагы майда, ичке түрпү же канат сымал, анат. түзүлүшү, үтү б-ча да бири-биринен айырмаланат. Уругу м-н көбөйөт. Азыр алардын 4 классы (саговниктер, гнеттер, гингко сымалдар, ийне жалбырактуулар) белгилүү. Жер жүзүндө 600гө жакын түрү өсөт. Анын көбү – ийне жалбырактуулар. Алар девон мезгилинин башында пайда болгон. Мезозойдо кеңири таралган. Кийин геол. өзгөрүүлөрдүн натыйжасында кээ бири жоголо баштаган.
Ад.: Жизнь растений. Т. 4. М., 1978. К. Т. Шалпыков.