ЖЫЛГЫН 1
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЫЛГЫН (Myricaria) – жылгындар тукумундагы өсүмдүк уруусу. Анча бийик эмес бадал, кээде даракча. Бийикт. 1,5–6 мге жетет. Жалбырагы майда, учтуу, түрпүчөдөй, кезектешип жайгашкан. Топ гүлү чачыдай же машактай. Гүлү кооз, желекчелери ак, мала кызыл же көгүш. Мөмөсү – кутуча. Ж-дын Кырг-нда 3 түрү – көрктүү Ж., түлкү куйрук ж-а түрпүлүү Ж. кездешет. Өзөндүн шагылдуу жээгинде, сайда өсөт. Айрым түрүнөн боёк заттар алынат. Жаш бутактары малга тоют. Жалбырагы С витаминине бай. Кабыгы өңдөөчү зат катары колдонулат.