ЖЫЛДЫЗДАР ЭВОЛЮЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛДЫЗДАР ЭВОЛЮЦИЯСЫ , ж ы л д ы з­д а р ө ө р ч ү ш ү – убакыттын өтүшү м-н жылдыздардын физ. мүнөздөмөлөрүнүн ж-а хим. курамынын өзгөрүшү. Жаратылыштагы бардык объектилер сыяктуу эле жылдыздар пайда бо­лот, өнүгөт, акырында «өлөт». Жылдыздардын «өмүрү» анын массасына көз каранды. Массасы Күндүкүнөн кичине жылдыздар узак (ондогон млрд жылдар бою) жашайт, себеби массасы ан­чалык чоң болбогондуктан, гравитация күчүнө жылдыздардын түпкүрүндө жүрүп жаткан яд­ролук реакция тең салмакта турат. Массасы чоң жылдыздар тез «карыйт», мис., массасы Күн­дүкүнөн 15 эсе чоң жылдыздар энергия запасын 10 млн жылда эле «түгөтүп» алат. Дээрлик бар­дык жылдыздар өмүр бою темп-расы м-н өл­чөмдөрүн өзгөртпөй сактайт. Бирок борб. бөлү­гүндөгү суутек гелийге айланып бүткөндө жыл­дыз өзгөрө баштайт. Анын өлчөмү чоңоюп, чы­гарган энергиясы өсүп, кызыл алпка айланат. Борб. бөлүгүндөгү темп-расы 100 млн градуска чейин көтөрүлүп, ядродогу гелий көмүртекке ай­ланат. Кийин алптын тышкы катмары бөлү­нүп кетиши мүмкүн, анда жылдыз планеталык тумандуулуктун газ алкагында калат. Акырын­да жылдыз кысылып, сууп бараткан ак ки­дикке айланат. Массасы Күндүкүнөн 1,4 эсе чоң жылдыздар ак кидикке айлангандан кийин. кысылуусун токтото албай калат. Гравитация күчүнүн кысуусунан электрон м-н протондордун өз ара аракети бардык массаны нейтронго ай­ландыруусунан нейтрон жылдызы пайда болот. Эгерде жылдыздын массасы же тышкы катма­ры бөлүнүп кеткенден кийинки калдыгы Күн массасынан 3–5 эсе чоң болсо, анда кысылуу процесси нейтрондук жылдызга айлангандан кийин да токтобойт, кысылуунун эбегейсиз күчү м-н кара көңдөйгө айланат.