ЖЫЛДЫЗ АСТРОНОМИЯСЫ
ЖЫЛДЫЗ АСТРОНОМИЯСЫ – астрономиянын бөлүмү; ал Галактиканын түзүлүшүн, өнүгүшүн, кош, үчилтик ж. б. эселик жылдыздарды, жылдыз чогулмаларын, о. эле газ, чаң ж-а газ-чаң булуттарын ж-а аны пайда кылган диффузия-
лык заттарды изилдейт. Астрономиянын башка тармагынан алынган маалыматты пайдаланып, статистикалык материалдын негизинде Галактикадагы астр. объектилердин касиеттерин, мүнөздөмөлөрүн, өз ара байланышын, алардын жайгашуу ж-а кыймыл закондорун, өнүгүү белгилерин үйрөтөт. Ж. а. жылдыз статистикасы, жылдыз кинематикасы ж-а жылдыз динамикасына бөлүнөт. Б. з. ч. 2-к-да Гиппарх жылдыз каталогун түзүп, миңдей жылдыз координаталарын көрсөткөн. 14-к-да Улугбек Гиппарх каталогун тактап, жаңысын түзгөн. Жылдыздуу асманды изилдөөдө жылдыз атласы ж-а жылдыз картасы чоң мааниге ээ (к. Жылдыздар).