ЖЫЛДЫЗ ЧОҢДУГУ
ЖЫЛДЫЗ ЧОҢДУГУ – жылдыз же асман телосунун жаркыроо чени. Б. з. ч. 2-к-да Гиппарх куралсыз көзгө көрүнгөн жылдыздарды 6 топко бөлгөн, эң жаркырак жылдыздарды 1-чоңдукка, эң начарын 6-чоңдукка киргизип, калгандарын 2-, 3-, 4-, 5-чоңдуктарга ылайыктаган. Бир чоңдуктан экинчисине өткөндө жаркыроонун өзгөрүшү көзгө бирдей болуп көрүнөт, кийин фотометриялык өлчөмдүн жардамы м-н 1-чоңдуктагы жылдыздын жаркыроосунун 6- чоңдуктагы жылдызга болгон катышы 100гө барабар экендиги аныкталган. Бул катыш Ж. ч-нун 5 интервалына туура келгендиктен, жанаша чоңдуктагы эки жылдыздын жаркырактыгынын катышы 5 100 = 2,512ге барабар. Эгер Е1 ж-а Е2 эки жылдыздын жарыктанышы, m1 ж-а m2 – аларды Ж. ч. болсо, анда алардын катышы Е1/ Е2 = 2,512 (m1– m2) болот. Мындан жылдыздын жаркырактыгы чоң болсо, анын чоңдугунун сан мааниси кичине болору келип чыгат. Абдан жаркырак жылдыздын Ж. ч. нөл же терс сан, абдан начар Ж. ч. оң сан м-н туюнтулат. Мис., эң жарык жылдыз Сириустун Ж. ч. m= –1,46; Күндүкү m= –26,78 ; толгон Айдыкы m= –12,712 ; эң начар жылдыздыкы m = 23 ж. б.