ЖЫЛДЫРУУ
ЖЫЛДЫРУУ – геом. өзгөртүүнүн бир түрү; тегиздикти (евклид мейкиндигин) каалагандай эки
чекитинин арасындагы аралык сакталгандай
геом. өзгөртүү. Ж-да тегиздиктеги (мейкиндиктеги) F фигурасы ошол эле тегиздиктеги (мейкиндиктеги) F’ фигурасына өзгөртүлөт (F=F’). Геометриядагы Ж. түшүнүгү мех. кыймыл түшүнүгүнөн айырмаланат. Мех. кыймыл – убакытка көз каранды болгон үзгүлтүксүз процесс, ал эми геом. Ж-да фигуранын баштапкы ж-а акыркы абалындагы процесс каралат. Тегиздиктеги окко карата симметрия, параллель которуу, чекиттин айланасында буруу, борб. симметрия Ж. болот, анткени бул геом. өзгөртүүлөрдүн ар биринде эки чекиттин аралыгы өзгөрбөйт. Ж. тегиздиктин багытын өзгөртпөсө 1-түрдөгү Ж. (параллель которуу, буруу ж-а борб. симметрия), ал эми багытын карама-каршыга өзгөртсө 2-түрдөгү Ж. (окко карата симметрия) деп аталат. Эки Ж-нун композициясы (көбөйтүндүсү, удаалаш аткарылышы) кайрадан Ж. болот. Ж-лардын композициясы ассоциация законуна баш ийет. Берилген Ж-га тескери Ж-ну дайыма табууга болот. Ар кандай кесинди өзүнө өзү барабар, б. а. өзүнө өзү өзгөртүлөт деп эсептелет. Бул учурда теңдеш Ж. алынат. Демек Ж-лардын көптүгү группаны түзөт.
Ад: Яглом И. М. Геометрические преобразования. Т. 1–2. М., 1955–56; Моденов П. С., Пархоменко А. С. Геометрические преобразования. М., 1961; Айылчиев А. Геометриялык өзгөртүүлөр. Ф., 1975.