ЖЫЛКЫЧЫ ЧЫМЧЫКТАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЫЛКЫЧЫ ЧЫМЧЫКТАР (Motacilla) – таранчылар түркүмүнүн бир уруусу. Салмагы 20–25 г. Түсү агыш, көгүш, сары, бозомтук ж-а кара. Тумшугу ичке, учт уу, куйругу узун. Европа, Азия, Африка ж-а Түн. Америкада таралган.

Түн. жакты мекендегендери – келгин куш. Сууга жакын ачык жерде жашайт. Уясын жерге салат, кээде жылына 2 жолу уялап, 4–6 жумуртка тууйт. Ж. ч. курткумурска ж-а алардын куурчакчалары, жөргөмүштөр, майда рак сымалдар м-н азыктанат. КМШ өлкөлөрүндө 5, Кырг-нда 4 түрү бар.