ЖЫЛУУЛУК БАЛАНСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЫЛУУЛУК БАЛАНСЫ – бардык жылуулук м-н пайдалуу ишке жумшалган ж-а пайдалануу убагында коромжу болгон жылуулуктардын суммасынын барабардыгы. Техникада Ж. б. буу казанында, меште, жылуулук кыймылдаткычтарында ж. б. механизмдерде болуучу жылуулук процесстерин анализдөө үчүн пайдаланылат. Ж. б. астрофиз., геофиз., хим., биол. ж. б. проблемаларды чечүүдө, ил. из-дө пайдаланылат. Пайдалуу жылуулук – суу казанында сууну жылытууга, буу казанында бууну пайда кылууга кеткен жылуулук. Коромжу болгон жылуулук – түтүн м-н айлана-чөйрөгө кетет ж-а күл м-н чыгат. Суюк же газ түрүндөгү отундар толук күйүп, коромжу дээрлик болбойт. Агрегаттарды сыноонун негизинде түзүлгөн Ж. б. б-ча үнөмдүүлүк аныкталат.