ЖЫЛУУЛУК КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ
ЖЫЛУУЛУК КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ – жылуулук энергиясын механикалык жумушка айландыруучу курал. Жылуулук кыймылдаткычы табигый энергетикалык ресурстарды химиялык же ядролук күйүүчү отун катары пайдаланат. Жылуулук кыймылдаткычы термодинамикалык пайдалуу аракет коэффициенти аркылуу аныкталат. Жумушчу термодинамикалык процесстерди аткаруучу машиналардын түрү б-ча жылуулук кыймылдаткычы поршендүү, ротордуу ж-а реактивдүү кыймылдаткычтар болуп бөлүнөт. Ошондой эле аралашкан түрлөрү дагы колдонулат, мисалы, турбореактивдүү ж-а Ванкель кыймылдаткычтары. Жылуулук кыймылдаткычы ысытуучу жылуулукту алып келүү ыкмасы боюнча ичинен ж-а тышынан күйүүчү кыймылдаткычтар болуп да бөлүнөт. Ичинен күйүүчү кыймылдаткычта – күйүүчү майдын күйүү процесси ж-а андан чыккан жылуулуктун механикалык жумушка айланышы бир эле жумушчу көңдөйдө (цилиндрде) жүрөт; ал эми сыртынан күйүүчү кыймылдаткычта – бул процесстер тышта, атайын түзүлүштө ишке ашырылат (мисалы, Стирлинг кыймылдаткычы, буу машинасы). Жылуулук кыймылдаткычынын чыныгы жумушу, башкача айтканда натыйжалуу пайдалуу аракет коэффициенти – анын чыгуучу валындагы механикалык жумуштун жалпы жылуулук кубатына болгон катышы. Жылуулук кыймылдаткычынын натыйжалуу пайдалуу аракет коэффициенти 0,1– 0,6 чегинде өзгөрүп турат.