ЖЫЛУУЛУК МАШИНАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛУУЛУК МАШИНАСЫ – жылуулукту жу­мушка (жылуулук кыймылдаткычы, жылуулук насосу ж. б.) же жумушту жылуулукка (муз­даткычтар) айландыруучу курал. Жылуулук машинасынын иштөөсү табигый энергетикалык ресурстарга (газ, нефть, суу буусуна ж. б.) негизделген. Эгер­де циклди ишке ашырууда анын бир бөлүгүндө жумуш аткаруучу нерсеге жылуулук берилип, башка бөлүгүндө жылуулук чыгарылса (төмөнкү температурада), анда жумуш аткаруучу нерсе – берилген ж-а чыгарылган жылуулук санынын айырмасына барабар (идеалдуу жылуулук машинасы үчүн) жу­муш аткарат. Мисалы, ичинен күймө кыймылдат­кыч, буу ж-а газ турбиналары.