ЖЫЛУУЛУК СЫЙЫМДУУЛУГУ
ЖЫЛУУЛУК СЫЙЫМДУУЛУГУ – нерсенин температурасын 1 градуска (1°С же 1К) жогорулатууга сарпталган жылуулук саны. Эгер нерсеге dQ жылуулук саны берилгенде, температурасы dTга жогоруласа, анын жылуулук сыйымдуулугу С= dQ/dT боюнча аныкталат ж-а Дж/град м-н өлчөнөт. Катуу заттардын ж-а газдардын жылуулук сыйымдуулугу туруктуу чоңдук болбостон, температурага көз каранды. Бирдик массадагы берилген затты бир градуска ысытуучу жылуулук саны ал заттын с а л ы ш т ы р м а жылуулук сыйымдуулугу деп аталат, бирдиги Дж/град⋅кг. Массасы бир моль затты бир градуска ысытууга керек болгон жылуулук саны м о л д у к жылуулук сыйымдуулугу деп аталат. Газдардын туруктуу көлөм ж-а басым кезиндеги жылуулук сыйымдуулугунун чоңдугу түрдүүчө болот. Эгер газ туруктуу көлөмдө ысытылса, анда сыртка жумуш аткарбастан, берилген жылуулук толугу м-н нерсенин ички энергиясын көбөйтүүгө жумшалат. Эгер газ туруктуу басым кезинде ысытылса, анын көлөмү кеңейип, берилген жылуулуктун бөлүгү сыртка жумуш аткарат. Демек, бул учурдагы жылуулук сыйымдуулугу туруктуу көлөмдөгүгө караганда көп. Ысытуудан катуу заттардын көлөмү аз өзгөргөндүктөн, алардын көлөмү ж-а басымы туруктуу кезиндеги жылуулук сыйымдуулугу дээрлик барабар (к. Дюлонг – Пти закону). Катуу заттардын жылуулук сыйымдуулук теориясын Эйнштейн ж-а Дебай иштеп чыккан.