ЖЫЛУУЛУК ТАРМАГЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛУУЛУК ТАРМАГЫ – имаратты жылы­туу, технологиялык процесстер үчүн ысык суу м-н буу­ну керектөөчүлөргө жеткирип ж-а бөлүштүрүп берүүгө арналган түтүктөр (куурлар) системасы. Жылуулук тармагы изоляциялоочу ж-а бекиткич материал­дар, жөнгө салуучу арматуралар, текшерүүчү ж-а өлчөөчү приборлор, байкоочу кудуктар, жылуулуктан болгон кеңейүүнү теңдештирүүчү түзүлүштөр м-н жабдылат. Ал жер астындагы мачталарда ж-а эстакадаларда жайгаштыры­лып, айлантма ж-а радиустук болуп бөлүнөт. Айлантмада – бузулган жерин оңдоодо (бузул­ган жерди жалпы тармактан бөлүп алат) жылуулук тармагы үзгүлтүксүз иштей берет. Жылуулук тармагынын радиустук түрү куруу наркы арзан болгондуктан, көбүрөөк

колдонулат. Ар кандай чоңдуктагы бууну ж-а сууну бир убакта жеткирүү ж-а иштетилген сууну кайра артка кайтаруу үчүн жылуулук тармагына бир нече түтүк орнотулат.