ЖЫЛУУЛУК ТЕХНИКАСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЫЛУУЛУК ТЕХНИКАСЫ – илим м-н техникада жылуулук энергиясын алуу ж-а пайдалануу ыкмасын камтыган тармак. Жылуулук техникасынын эки негизги багыты бар: 1) жылуулук кубаты – жылуулук казан жабдууларынын очогунан, мешинен, органикалык отун күйгүзүүчү камерадан, жылуулук аккумуляторунан, радиатордон, калориферден, конденсатордон, ядро реакторунан ж. б. алынат; 2) отундун химиялык энергиясы механикалык, андан соң электр энергиясына айландырылат. Буларга буу турбиналары, ичинен күймө кыймылдатычтар, газ турбиналары, реактивдүү кыймылдатычтар, муздаткыч машиналар ж-а жылуулук насостору кирет. Ошондой эле, Күн нурунун ж-а жер астындагы жылуулуктар да пайдаланылат.