ЖЫЛУУЛУК УЮЛДАРЫ
ЖЫЛУУЛУК УЮЛДАРЫ – Жер шарында, адатта, тропик алкактарында абанын температурасы эң жогору болгон жерлер. Эң ысык жерлер: Түндүк Жарым шарда – Евразиядагы Тар чөлүндө ж-а Индияда (53°Сге чейин), Түндүк Америкадагы (АКШ) Мохаве чөлүндө (Ажал өрөөнү, 56,7°С), Африкадагы Ливия чөлүндө (Эль-Азизия, 57,8°С дүйнөдөгү эң ысык жер, 1922-ж. катталган); Түштүк жарым шарда – Австралиядагы Флиндерс дарыясынын өрөөнүндө (50°С), Түштүк Америкадагы Парана дарыясынын өрөөнүндө (47°С), КМШнын аймагында – Орто Азиянын түштүгүндө (50°С). Абанын жылдык орточо температурасы (30,2°С) боюнча дүйнөдөгү эң ысык жер – Африкада (Эфиопиядагы Массауа ш. тушта). Дүйнөлүк океандагы суунун эң жогорку температурасы Перс булуңунда (35,6°С), Мексика булуңунда (33°С), Каспийде (37,2°С) байкалган. Кыргызстандын эң ысык жери – Чүй өрөөнүнүн түн. чеги (44°С).