ЖЫЛУУЛУК ЭЛЕКТР СТАНЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛУУЛУК ЭЛЕ́КТР СТАНЦИЯСЫ – жылуу­лук кыймылдаткычтар м-н кыймылга келти­рилген генераторлор аркылуу электр энергия­сын иштеп чыгуучу ишкана. Алгачкы Ж. э. с. 1882-ж. Нью-Йоркто, ал эми 1883-ж. Петербург­да, 1884-ж. Берлинде курулган. Орг. отун күй­гөндө пайда болгон хим. энергия Ж. э. с-нын жылуулук булагы болуп эсептелет. Ал колдо­нулуучу отундун түрүнө жараша катуу, суюк, газ ж-а аралаш отундуу; жылуулук кыймыл­даткычынын түрү б-ча буу турбиналуу (баралуу), газ турбиналуу (баралуу) ж-а ичинен күйүүчү кыймылдаткычтуу; берүүчү энергиянын түрүнө жараша – конденсациялуу электр станциясы ж-а жылуулук электр борборлору (теплофика­циялуу) ж. б. болуп бөлүнөт. Ж. э. с-нын бир түрү катары атомдук, гелиоэлектрдик, геотер­малдык электр станциялар эсептелет. Ж. э. с-нын электр жабдууларына ток генератору, бөлүш­түргүч түзүлүш, жогорулаткыч подстанция, тек-

Жылуулук электр станциясынын схемасы


шерүү ж-а башкаруу куралдары, о. эле жар­дамчы түзүлүштөр кирет. Азыркы учурда ку­баттуулугу 5–6 ГВт болгон Ж. э. с-лары куру­лууда.