ЖЫЛУУЛУК ӨТКӨPГҮЧТYK ТЕҢДЕМЕСИ
ЖЫЛУУЛУК ӨТКӨPГҮЧТYK ТЕҢДЕМЕСИ – айрым туундусу бар бир тектүү дифференциал теңдеме; ал төмөнкүдөй жазылат: ∂u = a2 ∑ ∂ u . ∂t ∂ 2 xn 2 2 n i = Мында u(x1, x , ..., x t) – изделүүчү функция (температура), t –убакыт, xii – мейкиндик координаталары, a2 = k cp (k – жылуулук өткөргүчтүк коэфф-и, с – жылуулук сыйымдуулук, р – тыгыздык) – температура өткөргүчтүк коэфф-и. Жылуулук өткөргүчтүк теңдемеси математикалык физиканын негизги теңдемелеринин бири ж-а параболалык типтеги айрым туундулуу дифференциал теңдемелер классына кирет. Жылуулук өткөргүчтүк теңдемесинин көп чыгарылыштары бар. Бул теңдеме жалгыз чыгарылышка ээ болсун үчүн, ал чыгарылыш чектик ж-а баштапкы шарттарды канааттандырышы зарыл. Жылуулук өткөргүчтүк теңдемесин алгач франциялык математик Ж. Фурье (1822) м-н франциялык математик С. Пуассон (1835) изилдеген. Аны изилдөөдө орус математиктери И. Г. Петровский, А. Н. Тихонов, С. Л. Соболевдер маанилүү натыйжаларды алышкан.
Ад.: Бицадзе А. В. Уравнения математической физики. М., 1976; Владимиров В. С. Уравнения математической физики. М., 1981.