ЖЫЛУУ-СУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛУУ-СУУ , Ү ч - Э м ч е к – Тоң р-нундагы (Ички Теңир-Тоодо) суу. Нарын д-нын алабын­да. Уз. 51 км, алабынын аянты 690 км2. Тескей Ала-Тоонун түш. капталына Үч-Эмчек тоосу кошулган жердеги мөңгүлөрдөн башталып, Бур­кан суусуна (Кичи Нарындын жогорку бөлүгү) куят. Алабынын 9,5%ин (жалпы аянты 65,8 км2) мөңгү ээлейт. Куймалары: Кашка-Суу, Ашуу-Суу ж. б. Чатына жакын Тешик-Көл (аян­ты 0,65 км2) жайгашкан. Ага жакын жерден жылуу кайнар булак чыгат. Ж.-С. июнда ки­рип, сентябрда тартылат. Жылдык орт. чыгы­мы 7,5 м3/сек. Өрөөнү Тоң ж-а Нарын р-ндору­нун малы үчүн жайыт.