ЖЫЛЫТУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛЫТУУ – жылдын суук мезгилинде турак үйлөрдү, коомдук жана өндүрүш жайларын санитардык-техникалык шартка ылайык жылуу температурада кармап туруучу жасалма жылытуучу түзүлүштөр. Ал­гачкы жылыткыч түзүлүштөр таш доорунда эле белгилүү болгон. Адегенде түтүн чыгуучу түтүктөрү бар жылыткыч мештер колдонулган. Жылытуу системасынын негизги бөлүгү борбордук жылытуу сис­темасы болуп эсептелет. XV кылымда аба менен жылытуу пай­да боло баштады. Суу жана буу менен жылытуу XIX кылымда өнүктү. XX кылымдын башында нур менен жана панелдүү жылытуу ишке киргизилди. Жылытуу негизинен жергиликтүү жана борбордук болуп экиге бөлүнөт. Меш, газ жана электр­дик жылытуу. жергиликтүү болот. Борбордук жылытуу системасы төмөнкүлөрдөн турат: 1) жылуулук генератору (казан, меш) – күйгөн отундун жылуулугун аба, суу аркылуу бөлүп чыгарат; 2) ысыткыч жабдуу­лар – жылуулукту аба аркылуу берүүчүлөр; 3) жылуулук өткөргүчтөр – жылуулук булагы­нан ысыткыч жабдууларга жылуулук жет­кирүүчү түтүктөр же каналдар тармагы. Айрым учурда адамга таасири жакшы болгондуктан, нур менен жылытуу колдонулат. Мында жылытуу имарат­тын шыбына же дубалына киргизилген, ичин­де ысык суусу бар болот, түтүктөрүнөн чыгуучу нур менен ишке ашырылат. Борбордук жылытуу түйүндөрүндө жылуулук алып жүргүч катары суу, буу жана аба пайдаланылат. Айрым учурда айка­лыштырылган жылытуу тармагы колдонулат. Булар­га буу-суу, буу-аба, суу-аба жана башка жылытуу системала­ры кирет.