ЖЫЛ-АЛДЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛ-АЛДЫ – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Жыл-Алды айыл округуна караштуу. Жыл-Алды суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 990 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 10 км түндүк тарапта. Кара-Суу темир жол беке­тинен 59 км. Кыштак 1908–10-жылдарда негизделген. Калкы 4292 (2022); негизинен дыйкан чарба­сында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, соода түйүндөрү, май жуваз цехи, мончо иштейт.